Жылкы кайтарган, жылкы баккан адам. Желдей учкул ат минген, Жергемдеги жылкычы (Токомбаев). Укуругун сүйрөтүп, Ышкырышты жылкычы (Токомбаев) Жылкычы болуп бээ бактың (Тоголок Молдо).
Кышында жылкыларды кыштоодон алыскы талааларда багып жүргөн колуктунун атасынын жылкычысы күйөө баланын айылына келип сурай турган кой. Салт боюнча күйөө баланын атасы ага кой же акча берген.
Селкилдеп теңселип туруучу узун куйругу бар, жылкы менен кошо жүрүүчү көк ала чымчык. А дегенде келгин куштардын кабарчысындай болуп жылкычы чымчык келди (Каимов).